«Билим Кербени» долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Кочкор районунун агартуучулары менен жолугушту

«Билим Кербени» долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Кочкор  районундагы  бардык орто мектептердин мугалимдери жана директорлору  менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кочкор районундагы 34 орто мектептин директорлору, окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана 200гө чукул орто мектептердин мугалимдери катышышты. Мындан тышкары Кочкор районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүков, Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев катышып, райондогу билим берүү жана окуучуларга туура тарбия берүү боюнча маалыматтарды айтышты.

Андан соң, «Билим Кербени» долбоорунун жетекчиси  Талант Ниязбеков долбоордун максаты, окуучуларга туура тарбия берүү, китеп окууга шыктандыруу,  билим берүүдөн тышкары окуучуларга туура кесипти тандоодо туура багыт берүүгө багытталган долбоор экендигин билдирди.  

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев  балага тарбия берүү, мугалим, ата-эне, окуучу ортосундагы мамиле жана окуучуларды китеп окууга шыктандыруу керектигин  баса белгиледи. Жолугушууда атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлдү. Жолугушуунун жүрүшү суроо-жооптор менен коштолуп, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев суроолорго жооп берди.

«Билим Кербени»  долбоору — облус аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине, мугалимдерине жана ата-энелерге багытталган. Долбоордун максаты, өлкөнүн бардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү.