Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин ЖМКнын өкүлдөрүнө маек курду

Бүгүн, 7-февралда Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Башкы мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинен келген жалпагы маалымдоо каражатынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Медиа өкүлдөрү менен жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев дагы катышты. Делегациянын курамында Катардын алдыңкы медиа каражаттары анын ичинде “Сафари Алкхаур” телекөрсөтүүсүнө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев тартылып, кызыктуу маек куруп берди.

Маектешүү учурунда Азирети Муфтий өлкөбүздөгү диний кырдаал, Катар мамлекети менен болгон алакасы, Ислам динин асыл баалуулуктары, КМДБнын ишердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып, журналисттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.