Казакстандын Азирети Муфтийи болуп Наурызбай ажы Таганулы дайындалды

Бүгүн, 7-февралда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында Казакстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кезектеги ІХ курултайы болуп өттү.

Анда 300 гө жакын делегат Казакстандын КМДБнын Азирети Муфтийлигине талапкер катары көрсөтүлгөн Наурызбай ажы Таганулынын бир добуштан колдоп, анын негизинде Казакстандын Азирети Муфтийи болуп дайындалды.

Курултайда буга чейин Азирети Муфтийлик кызматын аркалаган Серикбай ажы Ороздун 2017-2020-жылга карата ишмердүүлүгү бааланып, ал мындан ары дин чөйрөсүндө өз кызматын көрсөтө берээрин билдирди.

Эскерте кетсек, Наурызбай ажы Таганулы буга чейин Азирети Муфтийдин орун басары жана «Хазрет Султан» мечитинин имамы болуп иштеп келген. 1977-жылы 13-мартта туулган. Билим жогорку. Ташкенттен, Египетте окуган. Үй-бүлөлү 4 баланын атасы.