Кочкор районунун баш имам хатиби окуучулардын ата-энелерине балага тарбия берүү боюнча баяндамасын жасады

Нарын облусунун Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев Кочкор районунун Комсомол айылынын Сагындык Өмүрбаев орто мектебинин окуучулары жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.

 Жолугушууда окуучуларды окууга кызыгуусун арттыруу максатында, билим алуунун артыкчылыгы, баалуулуктары, билим алууга жана китеп окууга кетирген убакыттын маанилүү экендиги тууралуу шарияттын негизиндеги кызыктуу баяндама жасады.  Окуучулар менен жолугушууда окуучулар кызыгуу менен көңүл буруп угушуп, суроо жооп жана талкуулоо менен аяктады. Ошондой эле окуучулардын ата-энелерине балага туура тарбия берүү, мекенди сүйүүгө, алардын келечегине кайдыгер карабоо керектигин баса белгиленди.

Андан сырткары  Комсомол айылынын эли менен мечитте жолугушуу иш-чарасы болуп, иш-чарада Комсомол айылындагы диний маселелер боюнча баяндама жасалып, жума намазынын “сабырдуулук жана кечиримдүү болуу” боюнча жума кутбасы айтылып жума намаз окулду. Жума намазынан кийин  айыл эли менен, убактылуу имамдык кылып жаткан имамга көмөк көрсөтүү, шариятта имамдын орду, имамга сый урмат көрсөтүү тууралуу сөз сүйлөндү.