Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев имамдарга 2020-жылга карата төмөндөгүдөй тапшырмаларды берди

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечиттердин имамдары үчүн жыйын болуп, жыйын алкагында бир топ маселелер каралды. Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев имамдарга 2020-жылдын башынан төмөндөгүдөй тапшырмаларды берди.

  1. 2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата иш-чараларды уюштуруу
  2. Рамазан айында хатмы Куран өтүүчү Хафиздерди тактоо
  3. Имамдардын формасы, беш убак намазда имамдык ордунда болуусу
  4. Умра сапары
  5. Билим деңгээлин көтөрүүчү окуу курстарына активдүү катышуу
  6. Имамдар жылдын башынан өздүк делосун жаңылоосу ж.б.

Урматтуу имамдар! Жаштардын адеп-ахлагы, жүрүм-туруму жана ата-энесине болгон мамилесинин бузулуусу биздин кайдыгерлигибизден болуп калбасын. Жаштарга ата-энеси берүүсү керек болгон тарбия өз учурунда берилбей калып жатат. Бала тарбиясы тууралуу жамаатыңыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Биздин кызмат иш эмес, ибадат деп билиңиздер. Мына ошондуктан өз имамдык милдеттиңизди майын чыгарып аткарууңуз керек”- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.