Мырза кары Осмонов: Ата-эненин баласына калтырган эң жакшы мурасы – бул жакшы таалим-тарбия

Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов Ош агрардык экономикалык колледжинде “Ислам – бул жакшы кулк-мүнөз” деген темада лекция окуду.

Лекциянын алкагында Мырза кары Осмонов келечек жаштардын колунда экенин, алардын жүрүм-турумун, алган билимин натыйжалуу пайдаланууга басым жасады.

“Жаш бутак тез ийилет деген сөз бекеринен айтылган эмес. Ата-эне баласына жаштыгында кандай тарбия берген болсо, анын үзүрүн көрөт. Ошондуктан ата-эненин баласына калтырган эң жакшы мурасы – бул жакшы таалим-тарбия болуп саналат”- деди М. Осмонов