Көк-Жаңгак шаарында 30 үй-бүлөгө 480 мүшөк көмүр таратылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Анда Сауд Араб Падышачылыгынан келген жеке ишкер муктаж үй-бүлөлөргө  480 мүшөк көмүр сатып алып берди.

Бул кайрымдуулук иш-чарага тактап айтканда Көк-Жаңгак шаарынын имам хатиби Мирлан ажы Алимбаев жана аталган шаардагы Куран жаттоо борборунун окутуучусу Мирлан кары Кожошев демилге көтөрүп, алардын сунушунун негизинде жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

“Албетте момундар бир тууган” деп Алла Таала Ыйык Куранда айткан. Силер менин ислам жолундагы бир туугандарымсыңар. Мен силерди Алла жолунда жакшы көрөм. Достугубуз мындан ары да улана бермекчи”,-деди шейх Соолих.