Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ивановка айылынын борбордук мечитине барып, жергиликтүү элди улут аралык ынтымакка чакырды

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушууга Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков, Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Жолугушуунун негизги максаты жакында эле Казакстандын Кордай аймагынан убактылуу баш паанек алуу үчүн Чүйгө анын ичинен Ысык-Ата аймагына келген дунган элинин ал абалы менен Азирети Муфтий жакындан таанышып, аларды сабырдуулукка, улут аралык ынтымакка жана биримдикке чакырды.

Андан ары Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кең-Булуң айылында жайгашкан гуманитардык жардам уюштурулган жайга барып, убактылуу күн кечирип жаткан кордайлыктардын ал абалы менен таанышты. Гумантирдык жардам берүүчү жайда негизинен элге зарыл болгон тамак-аш азыктары, жылуу кийим-кече бар. 

Кийин Азирети Муфтий “Кең-Булуң” өткөрмө бекетине барып, ал жакта абалга көз салып турган аскер кызматкерлери менен пикир алышты. Азыркы маалда өткөрмө бекетте абал туруктуу. Өткөрмө бекет мурунку режимде иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 7-февралдын кечинде Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сортөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында чыр-чатак чыгып, бир катар турак үйлөр талкаланган. Мындан улам ал жактын тургундары Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң, Ивановка, Арал айылдарындагы туугандарынын үйүндө баш калкалашкан. Алардын басымдуу бөлүгү дунган улутунан болушкан.