Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби шаардын вице-мэри менен жолукту

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы Мансуров Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Алтынбек Райымжанов менен жолугушуп,  шаардын аймагында дин чөйрөсүндөгү жүрүп  жаткан иштер тууралуу пикир алышты.  

Жолугушууда тараптар бул жылы аткарууга тийиш болгон мындан аркы кызматташтыкты талкуулашып, биргеликте иш-чараларды аткаруу мерчемделди. Анын арасында эл арасында ашыкча ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча басым жасалды.

“Шаарыбызда 4-жума мечити ачылды. Даават иштери өз нугунда жүрүп жатат. Шаарыбызда терс агымдарга тиешеси бар жарандар жок. Мечиттерибиз толук мамлекеттик каттоодон өткөн.  Таш-Көмүр шаары боюнча 2020-жылкы ажылык сапарына 8 жараныбыз катталды”,-деди баш имам хатиб.