Таш-Көмүр шаарында “Бир момунга бир дарак” акциясынын алкагында 60 түп арча көчөтү отургузулду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында «Бир момунга бир дарак» акциясынын алкагында көчөттөр отургузулду.

«Таш-Көмүр садака биримдиги» фонду мечиттерге 60 түп арча  көчөттөрүн сатып алып берди. Ал  көчөттөр мындан 2 күн мурун шаардагы төрт жума окулуучу  мечиттерге бөлүнүп отургузулду.

“Кайсы бир мусулман көчөт отургузса, андан инсан, жан-жаныбарлар  же канаттуу пайдаланса ага садака бар”-деп айткан пайгамбарыбыз. Сиздерге дагы Жараткан соопторун бере берсин”,- Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров.