Токтогул районунун баш имам хатиби окуучуларды терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун баш имам хатиби Токтогул шаарында жайгашкан  Жоомарт Боконбаев атындагы орто мектептин  окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда окуучуларга рекетчилик, суцит, аракечтик жана  баңгилик  туурасында баяндамасын жасады.

“Улууу жазуучу Чыңгыз Айтматов “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп бекеринен айткан эмес. Адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, ыйманына, чөйрөсүнө зыян берүүчү бардык терс көрүнүштөрдөн оолак бололу. Бирөөгө пайда келтирүүгө аракет кылалы, эгер пайда келтире албасак анда зыян келтирбейли ошол  биздин пайдабыз болсун”, – деди баш имам хатиб Алипбай Борошбаев.