Нарын шаарындагы жөө жүрүштө борбордук “Азрети Али” мечитинин имамы Жаңыбай Садыбакас уулу балдарды жол эрежесин сактоого чакырды

Кечээ, 10-февралда Нарын шаардык мэриясынын жана шаардын активдүү жаштарынын демилгеси менен Нарын шаарынын Шаарча (Городок) аймагынан баштап, Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына чейин жол кырсыктарын алдын алуу жана жол коопсуздугун сактоо боюнча жөө жүрүш болуп өттү.

Жөө жүрүшкө Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын облустук жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери, Нарын облустук  казыятынын Нарын шаарындагы Борбордук “Азрети Али” мечитинин имамы Жаңыбай  Садыбакас уулу, Нарын облустук ички иштер башкармалыгын кызматкерлери, Нарын шаарындагы жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, коомдук траспорттордун айдоочулары, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери, шаардагы орто мектептердин окуучулары жана шаар тургундары катышты.

Иш-чарада Нарын облустук  казыятынын Нарын шаарындагы Борбордук “Азрети Али” мечитинин имамы Жаңыбай  Садыбакас уулу балдарды жол эрежесин сактоого чакырды.

“Жол эрежесинде катталып жаткан кырсыктарды азайтуу бир эле адамдын колунан келе турган нерсе эмес. Бардык ата-энелер, жол кыймылын көзөмөлдөгөн көзөмөлдөөчүлөрү, окуучулар, айдоочулар бардыгыбыз салым кошуубуз керек. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, мындай кырсыктардын алдын албасак дагы да кырсыктар боло берүүсү мүмкүн. Андыктан бардыгызбыз жол эрежесин так сактасак, жол кырсыктарын алдын алсак, кырсыктар аз болот деген ишеничтемин”,- деди Жаңыбай  Садыбакас уулу.