Ысык-Көл облусу боюнча ажылык амалдарын аткарып келүү үчүн 97 жаран катталды

Быйылкы 2020-жылына карата Сауд Араб Падышачылыгына ажылык амалдарын аткарып келүү үчүн Ысык-Көл облусу боюнча 97 жаран катталды. Учурда таалпкерлердин документтерин толуктоо жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эми ажылык иштерин уюштуруу боюнча атайын түзүлгөн программага ылайык, ажылык сапарына баруучулар үчүн ажылык жана ажылыктын тартиптери тууралуу сабактар,  ибадат амалдар туурасында түшүндүрүү иштери уюштурулмакчы.

Эскерте кетсек, Сауд Араб Падышачылыгы быйылкы жылы Кыргызстандын жарандарына 6110 квота бөлгөн.