Нарында “Экстремизм жана радикализмди алдын алуу” максатында семинар өткөрүлдү

Нарын шаарында  «Экстремизм жана радикализмди алдын алуу» максатында  “НурЖолБер” коомдук бирикмеси  тарабынан окуу семинары  өткөрүлдү.

Семинарга Нарын районунун айылдык аксакалдар соттору, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, жаштар кеңешинин мүчөлөрү, Нарын облустук казыятынын  окуу бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Исаев, Нарын облусунун экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү К. Садыбакасов катышышты.  

Семинарда Сейитбек Исаев казыят тарабынан «Экстремизм жана радикализмди алдын алуу» боюнча эмне иштер жасалып жаткандыгын бегилеп, ал өз сөзүндө кызматташууга ар дайыма даяр экенин, бул жаатта Нарын облустук казыятынын эшиги дайым ачык экенин билдирди.