КМДБнын халал иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Москвада Эл аралык “Moscow Halal Congress” X мааракелик конгрессине катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Оруссиянын Москва шаарында Россиянын муфтийлер кеңешинин алдындагы эл аралык “Халал” борборунун тарабынан уюштурулган Эл аралык “Moscow Halal Congress” X мааракелик конгрессине катышты.

Конгресс 4 күнгө уланып, анын алкагында Орусиянын халал стандартына жооп бере турган тамак-аш азыктарынын “Продэкспо” көргөзмөсү дагы уюштурулду. Ага КМДБ тарабынан “Халал” стандартынын эрежелерин так сактап, сертификат алган кыргызстандык “Соонун” компаниясы дагы катышты.

Иш-чарада Бактияр ажы Токтогазы уулу өлкө аймагында тамак-аш азыктарын халал стандартына жооп берүүдө жана өнүктүрүү мамлекеттик органдар менен 2005-жылдан бери кызматташып келе жатканын белгилеп, катышуучуларга төмөнкүдөй сунушун берди.

“Акыркы убактарда халал индустрация мусулман өлкөлөрүндү гана эмес дүйнөнүн башка мамлекеттеринде дагы суроо-талап көбөйдү. Мындан улам бул жаатта кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө мамлекеттик жогорку деңгээлде халал стандартын иштеп чыгуубуз керек”,-деди Бактияр ажы Токтогазы уулу.