Майлуу-Суу шаарында алгачкы ишембилик уюштурулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси менен калаанын Мир көчөсүндөгү «Почта» намазканасынын  жамааты короо жайды тазалап, тротуарды ылайдан тазалашты.

Ишембиликке жалпы 12 адам катышты. Ошону менен бирге көчөдөгү бардык таштандылар тазаланды.

“Сен таза болсоң мен таза болсом коом таза болот” деп улуу ишмер И. Раззаков агайыбыздын айткан сөзү жан дүйнө тазалыгы эле эмес, жалпы тазалыкты камтыйт. Андыктан короо жайыбыздын тазалыгына азыртан кам көрөлү”,деди баш имам хатиб.