Чет өлкөлүк ишкер Жалал-Абад облусунда жардамга муктаж 168 үй-бүлөгө 2020 мүшөк көмүр таратты

Бүгүн, 11-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук  хатибяты Сауд Араб Падышачылыгынан келген жеке ишкер шейх Солих Абу Абдулла Ал-Мазяд менен биргеликте  кайрымдуулук  иш-чарасын өткөрүштү.

Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Талдуу-Булак аттуу тоолуу аймактарда  жашаган 83 жакыр үй-бүлөгө 8 мүшөк, Кеңеш айыл аймагында жашаган 55 үй-бүлөгө 4 мүшөктөн таратты. Жалпысынан Жалал-Абад облусу боюнча 168 үй-бүлөгө 2020 мүшөк көмүр тараткан

Пайгамбарыбыз ким мусулман бир тууганынын жардамында болсо Алла анын жардамында болот” –деп айткандай бир туугандарыңыздын жардамында жүрөсүз.  Жараткан сизден ыраазы болсун! Кыргыз элинин атынан сизге ыраазычылык билдиребиз”,-дешет хатиябаттан.