Ат-Башы району боюнча баш имам хатиби Абдулла Тахиров райондун ичиндеги айылдардагы мечиттердин абалы менен таанышууда

Бүгүн, 11-февралда Нарын облустук казыятынын Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров Ат-Башы районундагы Өзгөрүш, Талды-Суу жана  Биринчи Май айылдарын кыдырды.

Анын алкагында жогоруда аталып кеткен айылдардагы мечиттердин абалы менен таанышууда.  

Баш имам хатиби Абдулла Тахиров мечиттердин имамдары менен жолугушуп, мечиттердин абалы, кышкы жылуулугу, электр энергияга, отун-көмүр менен камсыз болушу, ошондой эле даараткана жана ажатканалар оңдоодон өтүлүшү керектигин имамдар менен жолугушуу учурунда айтты.