Ош облустук казыятында калк арасындагы ынтымактыкты, биримдикти бекемдөө максатында «Ысырап кылба бир тууганым» атту конференция өттү

Бүгүн, 11-февраль күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облуска караштуу бардык райондун баш имам хатиптерине жана жалпы имамдарына калк арасында ынтымактыкты жана биримдикти бекемдөө максатында «Ысырап кылба бир тууганым» аттуу  конференция болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек кары  Орунбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош облусу боюнча жетекчиси Балтагул Нурумбетов, КРнын өкмөтүнө караштуу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг  жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Райымберди Шаимкулов, Примов фондунун жетекчиси Бегалы Таирбек уулу, казыят кызматкерлери, райондун баш имам хатиптери жана айыл өкмөт имамдары катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң келген коноктор өздөрүнүн баяндамаларын жасашты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев өлөкбүздөгү тынчтыктын кадыр баркына жана ысырапкорчулук менен күрөшүүгө токтолуп, эл арасында  тынчтыкты, ынтымактыкты, биримдикты жана стабилдүүлүктү жаюу зарыл экенин баса белгиледи.

«Ислам дини – бул тынчтыктын дини.  Бул туурасында Пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Араңарда тынчтыкты жайгыла»,ошондой эле башка бир хадисинде «Фитна бул уктап жаткан нерсе. Ким аны ойготкон болсо ага Алланын каргышы болсун», деген хадисери бизди ойлондурбай койбойт.  Хадисте белгилүү болгондой тынч жаткан элдин арасына бүлүк салып, фитнаны козгогон, эл арасында тынчтыктын кетүүсүнө себеп болгондорго Алланын каргышы тийип калуусунан сактанууну, коомчулукка жеткирели. Бул жаатта баарыңыздарды биргеликте иш алып барууга чакырамын.  Ал эми ысырапкорчулук көйгөйүнө келе турган болсок, ырксыз чыгым менен ысырапкорчулукту түп тамыры менен жоюу мүмкүн эмес, бирок азайтууга болот. Ислам дини тыюу салган арам нерселердин баары ысырап болуп эсептелет. Чет өлкөдө айлап, жылдап эмгектенген жаштарыбыздын ак эмгегин эки күндүк той-топурга эмес, пайдалуу, сооптуу иштерге жумшайлы», деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, ысырапкорчулук менен күрөшүүдө имамдардын ордун баса белгиледи.

«Чындыгында ысырап кылуу деген көрүнүш, эч кандай каада-салтыбызда жок. Учурда айыл жергелеринде оорукана, спорт зал сыяктуу элдин керегине жараган мекемелер жок, бирок ысырапкорчулук бар. Бул жаатта эл менен иштешүүдө сиздердин ордуңуздар чоң. Ошодой эле Жараткан алдында жооптуу экениңиздерди унутпаңыздар», — деди Исакбай Мурзабеков.

Конференциянын соңунда облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы имамдардга жер-жерлерде тынчтыктын жаюу жана ысрапкорчулук менен күрөшүү боюнча бир канча тапшырмаларды берди. Ошондой эле 2019-жылы казыят менен кызматташтыкта болгон мекемелрдин, казыяттын, райондордун жана имамдардын мыктылары ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, аталган иш-чарага облуска караштуу 110 имам хатиб катышты.