Сузак районунун Орто-Азия айылында маркумду акыркы сапарга узатуу жолго коюлду

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Орто-Азия айылынын имамы Абибилла ажы Бапановдун демилгеси менен маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарга бөгөт коюлду.

Айылда маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгым 30 миң сомго чектелген. Жергиликтүү жамаат сөөк чыккан үйдөн тамактанууну токтотушкан. Алыстан келген меймандарга гана бир кой союлууга уруксат берилди. Айыл тургундары, айрыкча жаштар жамааты бул ишти туура түшүнүп, колдоого алышты.

“Биз маркумду узатууда союшка, тамак-ашка жана боз үйдүн жасалгасына көп көңүл буруп калдык. Негизинен маркумду шариятка ылайык узатууга көңүл бурушубуз керек эле. Мына ушул максатта жаназага ыклас менен даараттуу абалда турууга, маркумга калыс дуба кылууга жана ысырапка жол бербөөгө калкты үндөп жатабыз. Биздин айыл буюрса жакшы жолго түшүп калды”,-деди аталган айылдын имамы Абибилла ажы Бапанов.