Талас шаарында кургак учукту алдын алуу боюнча баш имам хатибтерге окуу семинары болуп өттү

Бүгүн, 11-февралда Талас  областык мусулмандар казыяты жана ЮСАИДин кургак учукту айыктыруу долбоорунун жетекчиси Д.Хаитов менен биргеликте кургак учукту алдын алуу боюнча Талас шаарындагы “Кербен палас” мейманканасында бир күндүк семинар өттү.

Семинарга жалпысынан 30га жакын дин кызматкерлери катышып, аларга сертификаттар тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө кургак учук оруусу боюнча толук маалыматтар берилип, ал эми Талас  облустук казынын орун басары Сагынбаев Медер ажы “Ислам жана ден соолук”  боюнча бир сааттык лекция өткөрдү.

“Чыныгы момун-мусулмандын жашоосу ак ниет, адал эмгек. Муну баары мусулмандын таза жана бекем ден соолукта жашоосуна себепкер болот. Саламаттыгы чың жана күчтүү момун-мусулман Алла таалага  жагымдуураак”,- деди Талас  област казынын орун басары Сагынбаев Медер ажы.