Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев окуучуларды китеп окууга чакырды

Нарын облустук казыятынын Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев окуучуларды китеп окууга чакырды.

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев, Нарын облустук казыятынын өкүлү  Эрик Молдокулов Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбев атындагы орто мектептин окуучулары жана окуучулардын ата-энелери менен жолугушту.

Жолугушууда Кумарбек Орозалиев окуучуларды илим, билим алууга, китепти көп окууга, ыймандуу адептүү болууга чакырды. Андан соң окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, аларга балдарга туура тарбия берүү, убактыларын ысырап кылбоосу баса белгиленди.