Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев дарыгерлерди ыраазылык баракча менен сыйлады

Кечээ, 11-февралда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы медреселердин студенттерин тишин акысыз даарылап,  көмөк көрсөткөн тиш дарыгерлерине ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

“Сооп иштерге көңүл бөлгөн Расул менен Альберттин жакшылык ишке карай таштаган кадамын колдоп турган алардын устаты Бакытбек агабызга терең ыраазычылык билдиребиз. Көптөгөн шакирттерди чыгарып, элдин батасын алып жүрүү насип кылсын”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Эскерте кетсек, дарыгерлер медреселерде билим алган 90 баланын тишин текшерип чыгышкан.