Таш-Көмүр шаарында “Артса бер, жетпесе ал” аттуу дүкөнү ачылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында «Таш-Көмүр садака биримдиги» фондунун дүкөнү ачылды. Бул кайрымдуулук фонду «Артса бер, жетпесе ал» деген чакырыктын негизинде  жалпы жарандардын колдоосу менен иш жүргүзүп жатат.

Чакырыктын мааниси мүмкүнчүлүгү бар инсандар берип, муктаж болгон адамдар алышат. Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мансуров Мураталы үч жетим баланы алып барып, ар бирине 2ден шым жана 1ден көйнөк алып берди жана фондко ийгиликтерди каалоо менен бирге элибизди кайрымдуулука чакырып кетти.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) : “Садака балээни кайтарат” деген. Сиздердин жасаган кайрымдуулук иштериңер балээ кырсыктардан тосуучу садакалардан болсун. Кайрымдуу инсандарыбыз көбөйө берсин”,-деди баш имам хатиб.