Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты “Мыйзам жолу” гезити менен кызматташат

Кечээ, 11-февралда облустук казыяттын маалымат бөлүмүнүн адиси Жунус Дюшеков аймактык “Мыйзам жолу” гезитинин редактору Көйкөл Айтбаева менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жандантуу боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Жунус Дюшеков Интернет доорунда “Мыйзам жолу” басылмасы өз ордун сактап келе жатканын белгилеп, казыяттын ишмердүүлүгүн чагылдырууда гезит маалыматтык колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Ал эми аталган гезиттин редактору Көйкөл Айтбаева дин кызматкерлеринин жасаган эмгегин, казыяттын иш-чараларын чагылдырып турууга даяр экенин, мындан ары да тыгыз кызматташып тураарын баса белгиледи.

“Ар бир тармака тажрыйба алмашуу өтө зарыл. Ошол себептен  жазган эмгек жакшы окулуп, коомчулука жеткиликтүү жетиши үчүн жатык тил менен жазуу керек. Ошондой эле кыргыздын макал-лакап, накыл сөздөрдү дагы кошуп берсек маалыматтын маңызын ачат”,-деди Көйкөл Айтбаева.