Таш-Көмүр шаарынын жаштары мечитке 25 даана төшөк беришип, ак сакалдардын ак батасын алышты

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын «Мундуз» борбордук мечитинин жамааты мындан ары жылуу төшөктө ибадатын кылышат. Буга чейин төшөк жок болгондуктан, төшөлгөн килемден сыз өтүп турчу. Эми ал ыңгайсыздыктардын баары артта калды.

Таш-Көмүрдүн эр азаматтары бул маселеге кайдыгер карабай 1990-жылы туулган жаштары 25 даана төшөк сатып алышып, мечитке салып беришти. Кийин дагы мындай сооп иштерди жасап турууга даяр экенин билдиришти.

Айыл аксакалдары бул соопту ишке ыраазычылыгын айтышып, ак батасын беришти.

“Бул жасаган ишиңер садака жарыя болуп саналат. Буюрса төшөктөр пайдалануудан калганга чейин сооптору жетип тураарын Жараткандан үмүт кылабыз. Жалпы мечит жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем”,-деди Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы  Мансуров.