«Көлмө» медресесинин окуучулары айлана-чөйрөнү тазалоону баштады

Бүгүн, 12-февраль күнү Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресесинин окуучулары медресенин айлана-чөйрөсүн тазалоону баштады. Демилгени медресенин мүдүрү Идрис ажы Ахунбаев көтөрүп, мындан ары күндүн жылышы менен жума сайын тазалоону уланта бермекчи.  

Идрис ажынын айтымында, медресенин тарбиялануучулары ар дайым тазалыкка терең маани берип келе жатат. Эми мындан ары конуштун аймагын тазалоону да уланта бермекчи.

«Тазалык-бул ыймандын жарымы» деп келет хадисте. Ошондуктан эң алгач биз чөйрөбүздүн тазалыгын андан ары жан дүйнөбүздүн тазалыгын тазалоону колго алышыбыз абзел»-деди Идрис ажы.