Таласта имамдардын билимин жогорулатуу максатында 3 күндүк окуу семинары өттү

Талас облусунун Бакай – Ата районуна караштуу Бакай – Ата  медресесинде имамдардын билимин жогорулатуу боюнча 3 күндүк окуу семинары өттү. Семинарда Фикх, Хадис, Акыйда, Куран жана тажвид илимдери, ошондой эле медиа сабаттуулук боюнча сабак өткөрүлдү.

Окууларды Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кенжетай ажы Курманходжаев, Расул Акрам Ислам институттун проректору Тариэл Абжалбеков,  Талас облусунун казынын орун басарлары Медер ажы Сагынбаев, Сыдыков Касым ажы, Талас районунун баш имам хатиби Канат Жолдошбек уулу жүргүздү.

Алгачкы сабакты Талас облусун казысы Таалай ажы Бапиев “Жаназа окуу жана анын тартиптери” деген темада өтүп, мындан башка ысырапкерчилик, тазалык, улуттар аралык достук, үй-бүлө маданияты, терроризм жана терс  агымдар боюнча дагы маалымат берилди.

Жыйынтыгында окуу семинарынын катышуучуларына атайын сертификаттар тапшырылды.