Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаевге райондук бийлик “Ардак грамота” менен сыйлады

Талас облусунун Манас районунун борбору Покровка айылынын   маданият үйүндө 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн отуруму болду.

Ага КРнын Өкмөтүнүн  Талас облас ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун  басары Канимет  Осмоналиев жана  райондук мекеме,  уюм, ишканалардын жетекчилери, дин кызматкерлери катышты.

Манас районунун акими Бектен Дүйшөбаев  өз баяндамасында өткөн жылы райондо  үч чоң  мечит ачылып, азыркы маалда калкка  кызмат кылып жатканын  баса белгиледи. Аталган мечитке демөөрчү таап, элди ынтымакка, биримдикке чакырганы үчүн райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаевди “Ардак грамота” менен сыйлады.

Мындан тышкары район аймагына үзүрлүү эмгектенген жетекчилерге дагы сыйлыктар тапшырылып, бул жылы аткарыла турган иштердин мерчемдери талкууга алынды.