Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров райондогу айылдардын имамдары менен жолугушууда

Нарын облустук казыятынын Ат-Башы району боюнча баш имам хатиби Абдулла Тахиров райондун ичиндеги айылдардагы мечиттердин абалы жана алардын имамдары менен жолугушууда.

Бүгүн, 12-февралда Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров Ат-Башы районундагы Кара-Тал, Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды кыдырды.

Анын алкагында жогоруда аталып кеткен айылдардагы мечиттердин абалы менен таанышуу менен бирге мечиттердин имамдары менен жолугушуп, мечиттердин абалы, кышкы жылуулугу, электр энергияга, отун-көмүр менен камсыз болушу, быйылкы жылы кандай оңдоо иштери (ремонт) керек экендиги тууралуу маалыматтарды алды.

Ошондой эле даараткана оңдоодон өтүлүшү керектигин имамдар менен жолугушуу учурунда айтты. Мындай кыдыруулар райондун бардык айылдарында болмокчу.