Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Дунгандар диаспорасынын башчысы Хабибулла Каримов менен жолугушту

Кечээ, 12-февралда Талас облустук казыятынын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев хатибияттын кеңсесинде Дунгандар диаспорасынын башчысы Хабибулла Каримовду жана Кызыл — Жылдыз айылынын имамы Абдуманап Юнусовду кабыл алды.

Жолугушууда облус аймагындагы Кызыл — Жылдыз айылында жашаган дунган улутундагы диндеш бир туугандарыбыз бар экенин эске алышып, ата бабалары бир жарым кылым мурда келип отурукташкан дунгандар өтө мээнеткеч келишип, кыргыздар жана башка улуттар менен ынтымакта жашап, мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсү үчүн зор салымдарын кошуп келе жаткандыгы айтылды.

 “Эч бир элди жаман деп айтууга болбойт. Ошол элдин ичинде эл бузар провокаторлор болот. Аларды алдын алып элге айрыкча жаштарга туура насаат берип, ынтымакка чакырышыбыз керек”, — деди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.

“Биздин райондо ондон ашык улуттар бир — бирибиз менен ынтымакта жашап жатабыз. Эч кандай улут аралык бөлүнүп, жарылуулар жок. Биз дунгандар эл журтубузга мамлекетибизге чын ыкластан ыраазыбыз. Жаман окуялар болуп кетпөөсү үчүн колдон келишинче жардам берүүгө даярбыз”, — деди Хабибулла Каримов.