«Билимдүү жаштар экстремизмге каршы» аталышындагы Нарын облустук форуму өткөрүлдү

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин залында Нарын ОИИБ тарабынан «Билимдүү жаштар экстремизмге каршы» аталышындагы  Нарын облустук форуму өткөрүлдү.

Ага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Уланбек Аалиев, УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Чукуев, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, Нарын облусундагы райондордун акимдери, облустагы укук коргоо органдары ж.б. катышышты. 

Форумда 2 маселе каралды. Алардын бири жаштар арасындагы диний экстремизмдин, радикалдашуунун алдын алуу, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин экстремизмдин, радикалдашуунун алдын алуудагы кызматташтыгы. Ал эми экинчи маселе катары үй-бүлөдөгү зомбулук, жашы жете электерге, аялдарга жана калктын аярлуу катмарына карата жасалган зордук-зомбулуктарлы алдын алуу маселелери каралды.

Форум алгач диний терроризм жана радикализмге кабылган жарандар боюнча видеороликти көрсөтүү менен башталды. Андан соң  видеоролик көрсөтүү менен башталды. Андан соң Нарын ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Уланбек Аалиев жалпы облус боюнча маалымат берди.

Форумга келген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов форумдун маанилүүлүгү, мааниси чоң экенин билдирди. 

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев: диний радикализм акыркы 100 жыл аралыгында чыкканын  билдирди.

«Жаштардын экстремизмге кирип  кирип кетүүсүнүн себеби жакырчылыктан жана диний сабатсыздыктан улам болууда. Жаштардын билимине, диний сабаттуулугуна көңүл болсок мамлекетибиз өнүккөн мамлекеттердин бири болот»,- деди ал.

Форумдун аягында келген катышуучулар, өкүлдөр менен суроо жооп, талкуу болуп резолюция кабыл алынды. Ошондой эле облус аймагында экстремизм, радикализм, зордук-зомбулукту алдын алууда салым кошондорго сыйлыктар тапшырылды .