Бишкекте «Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү» белгиленди

Жакында эле Бишкек шаарынын Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү» белгиленди.

Иш-чара «Хисса Бинт Зайд Айымдар Өнүктүрүү Борбору, «Нахла Хайрия» коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү. Ага диний жана мамлекеттик кызматкерлер, энелер, айымдар катышты.

Максаты жоолуктун баалуулугун даңазалоо жана ошону менен катар өлкөбүздөгү аймактарда, элибизге кызмат өтөгөн айымдардын эмгегин баалып, сыйлык тапшыруу.

Саамалыкта КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов айымдардын жоолук күнү менен куттуктап, айымдарга карата урмат сый динибизде кенен орун берилээрин баса белгиледи.