Жалал-Абад облустук казыяты: Диний окуу борборлоруна бир катар тапшырмалар берилди

Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятында казыяттын  окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан окуу борборлордун жетекчилерине жыйын  өткөрдү.

Жыйында Арпидин ажы окуу борборлорунун сапатын жакшыртууда жана коомчулук менен тыгыз кызматташуу үчүн мүдүрлөргө бир катар тапшырмалар берилди.  

“Окуу борборлорунун иш мерчемдерин түзгүлө. Окуу бороборлор арасында илимий жана кесиптик  иш-чараларды өткөргүлө, окуучулардын терең билим жана татыктуу тарбия алуусуна кам көрүп, болгон күчүбүздү жумшайлы. Мындан тышкары  окуучуларды шыктандыруу үчүн көчмө семинарларды, диспут, дебаттарды дагы уюштуруу зарыл”-деди.