Ысык-Ата районунда 200 орундуу мечит элге пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Туз айылында 200 орундуу жаңы мечит элге пайдаланууга берилди.

Мечит «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, бардык шарттары менен ибадат кылуучуларга ыңгайлуу болуп курулган.

Жаңы салынган мечитке «Ажы Надия Ал-Каббания» деп ат коюлуп, жагымдуу саамалыктын ачылышына демөөрчүлөр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышышты.

«Мечит куруу – садака жарыя, тактап айтканда сообу Кыямат күнгө чейин улана турган амалдардан. Канча мусулман пенде кирип ибадат кылып чыкса, эч бир кемитилбестен ошол эле сооп куруучуларга жетип турат. Аллах Таалам мечиттин курулушуна салым кошкондордун бардыгына убада кылынган соопторун насип эткен болсун»,— Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков.