Ош шаарындагы мечиттерде азан айтуу боюнча сынак уюштурулду

Кечээ, 13-февралда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечиттердин азанчылары үчүн атайын сынак уюштурулуп, алардын кызмат ордуна канчалык деңгээлде даярдыгы текшерилди.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура батыш  хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов катышып, иш-чараны ачып беришти.

“Мечитке келип жамаат менен намаз окуу чоң сооп болсо, ал эми ошол адамдарды азан айтып намазга чакыруу, ар кимге да насип кыла бербейт. Сиздердин эрте менен күндүн суук болушуна карабай жылуу төшөктөн туруп, багымдат намазына айткан азанындарды угуп, канчалаган адамдар соопко ээ болууда”,- деди Мирланбек ажы Токтомушов

Айта кетсек, сынакты 4 адамдан турган калыстар тобу текшерди. Алардын баары Куранды толук жаттаган каары болгондуктан дыкат көңүл бурушту. Жыйынтыгында бардык азанчылардын азаны талапка жооп берип, кээ бирлери тез аранын ичинде оңдоосу керектиги жөнүндө эскертүү  берилди.