Өзгөн районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен мечит имамдарына жыйын уюштурулду

Бүгүн, 13-февраль күнү Ош облусунун мусулмандар казыяты Өзгөн районунун акимчилиги менен биргеликте экстремизм жана терроризмди алдын алуу, ыксыз чыгымдарды жоюу, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында аткарылуучу эмгектер жана дүйнө үшүн алган коронавирстун алдын алуу эрежелери боюнча чоң масштабдагы жыйын болуп өттү.

Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы  боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев, Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахимбек Мырзакулов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош облусу боюнча жетекчиси Балтагул Нурумбетов, мечит имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп директорлору катышты.

Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев Ислам динин баалуулуктары жана ысырапкорчулук менен күрөшүүнүн эрежелерине токтолуп, элди тынчтыкка, биримдикке, ынтымактыкка, жетекчилерге моюн сунууга, ата-энен менен мугалимдерди урматтоого жана кайрымдуу болууга чакырды.

«Биздин коомчулук китеп окушпайт. Өнүккөн өлкөлөрдө бир жаранга бир жылдын ичинде 15, 20 китеп туура келет экен. А биздин мамлекетте 6 эле барак. Ошол учурда башка мамлекетте эң баалуу белеги китеп болсо, бизде сарпай. Мына ошондуктан алга карай чарчабастан  эмгектенип, көп нерсени билүүгө далалат кылалы. Келгиле, бүгүндөн тарта жарандарды илимдүү, билимдүү, мамлекетине пайдалуу болууга биргеликте чакыралы, — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы  боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, дин багытындагы мыйзам актылары, милдеттери, укуктары жана чечүү жолдоруна токтолду.