Ак-Талаанын баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев «Ислам – бул жакшы кулк-мүнөз» деген темада баяндамасын жасады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун баш имам хатиби район аймагындагы орто мектептердин окуучуларына жана ата-энелерине «Ислам – бул жакшы кулк-мүнөз» деген темада баяндама жасады.

Нарын облусунун Ак-Талаа  райондогу орто мектептердин окуучуларына жана ата-энелерге үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербөө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана диний экстремизмдин алдын алуу, укук бузуулардын, өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдын алуу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул иш-чарага райондун прокурору Астапа Казиев, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Бегалы уулу Улук, райондун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев, РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Сүйүндүк Кадыров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлмайрам Нурманбетовалар катышууда.

«Ыйман адамды жакшылык кылууга үндөйт. Ыймандуулук көңүлдөр самаган, жүрөктөр каалаган жана эки дүйнөдө Алланын кулун сый урматка жеткирген нерселердин эң абзели. Ыймандуулук бул адамдар издеген жана умтулган ой максаттардын эң улугу»,- деди баш имам хатиб.