Ош облусунда диний окуу жайлардын мугалимдеринин квалификациялык деңгээли жогорулатылууда

Бүгүн, 14-февраль күнү Ош облусунда КМДБ жана «ИСАР» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Диний окуу жайлардын мугалимдеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу боюнча 3 күндүк окуу семинары уюштурулууда.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жорабай ажы Шергазиев, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун окуу бөлүмүнүн адиси Акжол ажы Бакиров жана түштүк аймагы боюнча медресе окутуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев өлкөбүздүн өнүгүгүүсүнө билимдүү жаштардын орду чоң экенин баса белгилеп, илим алуунун манилүүлүгүнө токтолду.

«Биз кичинекей мамлекетбиз. Квалифакциялык кадрлар аркылуу илимди, билимди үйрөнүп, өлкөбүзгө салым кошо алабыз. Андан соң сиздерден илим алышат. Мына ошондуктан 3 күн талыкпастан сминардан пайдалуу маалымат алып, аны иш жүзүндө колдонуп калыңыздар», — деди Самидин кары Атабаев.