Бактияр ажы Шарапов окуучуларга жакшы кулк-мүнөз тууралуу баяндамасын жасады

Кечээ, 13-фералда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Хайл Хижра» мечитинин имам хатиби Бактияр ажы Шарапов Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицейдин окуучулары менен жолугушуп, адеп-ахлак жана жакшы кулк-мүнөз тууралуу баяндамасын жасады.

Анын айтымында, Ислам дининдеги Пайгамбарыбыздын жогорку адеби тууралуу сөз кылып, айрыкча адамдардын бири-бирине болгон акысы тууралуу айтып берди.

«Бүгүнкү күндө жаштар арасында бирин-бири коркутуп буюмун тартып алуу, каракчылык кылуу сыяктуу көрүнүштөр орун алып жатканы бизди өкүндүрөт. Аз болсо да салымыбызды кошолу деген максатта бул нерселердин динибизде арам экендигин түшүндүрдүк. Албетте ар бир кылган ишибизди сурак бере турган күн келээри айдан ачык»- деди Бактияр ажы.