«Латифа» мечитинде 10 үй-бүлөгө 1200 сомдук азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык казыятына караштуу  Калыс Ордо жаңы конушунда жайгашкан «Латифа» мечитинде кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Аталган сооп ишти жаңы конушта жашаган атын атагысы келбеген мусулман бир туугандын демилгеси менен бир нече жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.  Мечиттин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин айтымында, муктаж болгон 10 үй-бүлөгө ар бирине 1200 сомдук азык-түлүк  таркатылып берилген.

«Биздин жаңы конушта ар кайсы аймактардан келген  тургундар жашашат. Айыл жергесинен жакшы жашоону издеп келген материалдык жактан ар кандай жардамга муктаж болгон кишилердин да саны арбын. Бүгүн мына мынтип арабыздан чыккан сооп издеген кишилердин демилгеси менен жардамдарды даректерине узаттык. Аллах Таалам кабыл кылган болсун»-деди Нурбек ажы.