«Рашид Саид» мечитинин имам хатиби Туратбек ажы Чымбаев: Бейтаптарга зыярат кылуу сүннөт амалдарга кирет

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» конушунда жайгашкан «Рашид Саид» мечитинин имам хатиби Туратбек ажы калаадагы Чымбаев республикалык балдар ооруканасында дарыланып жаткан жаш балдарга зыярат кылып, алардын айыгып кетүүсү үчүн дуба кылды.

Анын айтымында, оорулууларды зыярат кылуу сүннөт амалдардан болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (САВ) ар дайым оорулууларды зыярат кылып, аларга Аллахтан шыпаа тилечү.

«Бейтаптарга зыярат кылуу сүннөт амал. Акыретте сообу берилген сыяктуу, бул дүйнөдө да бизге ден соолугубуздун кадырын билдирет»-деди Туратбек ажы.