Өзгөндө жергиликтүү бийлик органдары ысырапкерчилик менен биргеликте күрөшүүгө чакырды

Бүгүн, 14-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев менен жолугуп, анда экстремизм жана террозимдин алдун алуу, ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуу жергиликтүү бийлик органдары жана дин кызматкерлеринин катышуусунда чакан жыйыналыш менен коштолуп, анда Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев Ислам дини тыюу салган ысырапкорчулук менен күрүшүүнүн зарылчылдыгына токтолду.

«Имамдарыбыз жер-жерлерде экстермизм жана терроризм менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Эми болсо ысырапкорчулук менен күрөшүүнү дагы жандантуу зарыл. Антпесе карыз-коола, насыя алып аны төлөй албай орто жолдо кыйналган үй-бүлөлөр бар. Аларга ашыкча чыгымдарды алдын алууда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүбүз керек», — деди Акжол ажы Козубаев.