Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча иммадарга жыйын өттү

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев жакшылыкка себепкер болуу жана ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча районго караштуу бардык мечит имамдарына жыйын өттү.

«Жакшылыкка себепкер болуу, эл арасында тынчтыкты, ынтымактыкты, биримдикти жаюу жана ысырапкорчулук менен күрөшүү биздин негизги милдетибиз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Жакшылыкка себепкер болуу, аны аткарган сыяктуу» деп айтып кетет. Мына ошондуктан баарыңыздарды жакшы ишке себепкер болууга, тактап айтканда ысырапкорчулукту жоюуга чакырамын», — деди Музаффар ажы Турдубаев.