Акимжан ажы Эргешов: Ырыскыбыз аз болсо да, адал болсун

Бүгүн, 14-февралда КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Шейит-дөбө” мечитинин жамааты менен жолугушту.

Жолугушууда Акимжан ажы Эргешов адам ырыскы туурасында өз баяндамасын жасап, элге адал жол менен табылган ырыскынын канчалык берекелүү болоорун түшүндүрүп өттү.

“Ырыскыбыз аз болсо да, адал болсун. Эгер сүткорлук же пара алуу менен тиричилик өткөрчү болсок, үйүбуздөн береке качып, акыретте сурак берүүдө оор абалда калабыз,”- деди Акимжан ажы Эргешов.