Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев “Адал эмгек жана арамдан сактануу” деген темада баяндамасын жасады

Бүгүн, 14-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай  ажы Шергазиев Ош шаарына жасаган илимий сапарынын алкагында калаанын борбордук “Имам аль-Бухарий – Алай” мечитинде “Адал эмгек жана арамдан сактануу” деген темада баяндамасын жасады.

Анда чогулган жамаатка адал менен арамды ажыратып билүү ар бир мусулмандын милдети экенин, ак мээнет менен тапкан ырыскы адамды бактылуулукка жетелээрин баса белгиледи.

“Үй-бүлөгө арам тамактын же адал тамактын алып кирүүсү эркектерге көз каранды. Эгер үйгө адал оокат менен балдарыңызда баксаңыз, бала дагы эр жеткенде ошол нерсеге умтулат, көргөнүн жасайт. Мына ошондуктан жаштарга үлгү боло турган адам болгула”,— деди Жоробай ажы Шергазиев.