Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы “Абу Бакир Сыддык” мечитинин дааратканасы жаңыланды

Нарын облустук казыятынын Ат-Башы району боюнча баш имам хатиби Абдулла Тахиров райондун ичиндеги айылдардагы мечиттердин абалы менен таанышууда. Анын алкагында кечээ, 14-февраль күнү Кара-Суу айылындагы Абу Бакир Сыддык атындагы мечиттин жаңы салынган дааратканасынын ачылышына катышты.

Мындан тышкары баш имам хатиби Абдулла Тахиров Ат-Башы районундагы Казыбек, Жаңы-Күч жана Кара-Суу айылдарында болду.  Баш имам хатиби Абдулла Тахиров мечиттердин имамдары менен жолугушуп, мечиттердин абалы, кышкы жылуулугу, электр энергияга, отун-көмүр менен камсыз болушу, быйылкы жылы кандай оңдоо иштери (ремонт) керек экендиги тууралуу маалыматтарды алды.  

Имамдар менен болгон жолугушууда имамдарга элди  ынтымакка чакыруу  керек экенин билдирди. Кыдыруунун жүрүшүндө Кара-Суу айылындагы Абу Бакир Сыддык атындагы мечиттин жаңы салынган ажаткана, дааратканасынын  ачылышына катышты. Ошондой эле мечиттин дагы килемдери жаңыртылган.