Баткенде балдарга карата ырайымсыз мамилени, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында кенешме болуп өттү

Кечээ, 14-февралда жергиликтүү бийлик органдары, дин кызматкерлери  аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, укук коргоо органдары, социалдык кызматкерлер, катышуусунда балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында астында координациялык кеңешме болуп өттү.

Жыйында балдардын укуктары, ата энелердин милдеттери, тийиштүү мамлекеттик органдардын бул багытта ишмердүүлүгү талкууланды.  Ошондой эле балдардын ден соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү керектиги белгиленди.

Жыйында облус казысы зордук-зомбулук менен күрөшүүдө бардык органдар мнен биргеликте иш жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

“Ислам дини кан төгүү, бирөөнүн өмүрүнө зулумдук көрсөтүүгө катуу тыйуу салат. Ал адам ак түстөгүбү, же карабы, картайып калган аксакалбы, же жаш жигитби, эркекби, же аялбы эч кандай айырмасы жок. Болгону такыбалык, динге бекем болуу жагынан гана даражаларында айырмалар болбосо, инсан катары элдердин бардыгы Аллах Тааланын алдында бирдей. Келгиле бардыгыбыз зордук – зомбулук, зулумдук, адилетсиздик деген жаман шайтандын сыпаттарынан оолак болуп, бири – бирибизди ынтымакка, сабырдуулукка чакыралы”,-деди Пазыл ажы Султанмуратов

Ошондой эле 2020-жыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында, коомдогу терс көрүнүштөрдү биргеликте алдын алуу тапшырмасы койулду.