Убайдулла ажы Сарыбаев : Маркум узатылган үйдөн тамак-аш жегенди токтолу

Кечээ, 14-февраль күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жапалак эли менен жолугушуу өткөрүп, ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча баяндамасын жасады.

“Адамдын акысын жеш болбой тургандыгын билебиз. Бирок, жетим акысын жеп жатабыз. Атасы же энеси өткөн адамдын үйүнө барып тамагын ичүүнү токтотолу,”- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Жапалак аймагында маркумдун узатылган үйдөн тамак-аш берүү жөрөлгөсү жергиликтүү тургундар тарабынан токтолган. Алыстан келгендер үчүн 1 кой менен гана чектелген. Бул сыяктуу чектөөлөрдү дин кызматкерлери башка айылдарда дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүү тапшырмасы берилген.