Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген 3 адам жардам көрсөтүлдү

Кечээ, 14-февраль күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинде «Үмүт жарыгы» коомдук кайрымдуулук фонду Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен чогуу мүмкүнчүлүгү чектелген 3 жаранга коляска белекке беришти.

«Садака-адамды ар кандай кырсык балээден сактайт. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн өз колунан келишинче жардам колун сунган ага инилерге Жараткен иштерине береке берсин» — Убайдулла ажы Сарыбаев

Ал эми коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Алимухаммед Абдуманап уулу өткөрүлгөн кайрымдуулук иштери колунда бар адамдардын берешендиги менен уланып жаткандыгын айтып өттү.

“Бул иш- чара үчүн салым кошкон адамдардан Аллах ыраазы болгон болсун. Мына ушул убакытка чейин канчалаган муктаж адамдардын кубанычына себепкер болушту»- деп баса белгилеп өттү Алимухаммед Абдуманап уулу

Айта кетсек, “Үмүт жарыгы”  коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан Ош шаарында өткөн жылы социалдык жактан жардамга муктаж 130 жаранга жардам беришкен.